19.09.2018 12:50
Жогорку Кеңеш өкмөттүн аппарат жетекчилигине Шамилбек Асымбековдун талапкерлигин жактырды
© КР Жогорку Кеңешинин маалымат кызматы
Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңеште өкмөттүк аппарат жетекчи кызматына Шамилбек Асымбековдун талапкерлиги жактырылды.
Анын талапкерлигине 106 депутат "макул" деп добуш берди. Каршы добуш бергендер болгон жок.
Буга чейин өкмөттүк аппаратты башкарып келген Мурат Мукамбетов 8-августта кызматтан бошотулган.
Шамилбек Асымбеков өкмөттүк аппараттын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: